Home > Участник > PrivacyPolicyView

Участник

<

Жеке маалымат иштетүү саясаты

March 15, 2013
Korea Employment Information Service

Жеке маалымат иштетүү саясаты

  • Корея Республикасынын ишке орношуу маалымат кызматынын чет өлкө жаранын жалдоону уюштуруучу системасы, интернет аркылуу колдонгон баардык жеке маалымат, тийешелүү мыйзамдын негизинде же маалымат чогултуу жөнүндөгү колдонуучунун макулчулугу бар болгон учурда гана чогултулат, сакталат жана иштетилет.

Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуручу кызматы «Жеке маалымат коргоо жөнүндөгү мыйзам»га жараша жеке маалыматты коргойт, жана буга байланыштуу кыйынчылыктар пайда болгон учурда маселени тез жана тоскоолдуксуз чечүү үчүн, төмөнкүдөй жеке маалымат иштетүү саясатын жалпыга жарыялайт. Эгерде чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуручу кызматынын үй баракчасында көрсөтүлгөн ссылка же баннерди басып (клик), башка сайт жана интернет баракчага өтүп кеткен учурда, өтүп кеткен сайт, интернет баракчанын жеке маалымат иштетүү саясатын тастыктоону өтүнөбүз.

1-статья (Жеке маалымат иштетүү максаты)

  • Жеке маалыматты төмөндө көрсөтүлгөн максаттан тышкары колдонсо болбойт. Эгерде колдонуу максаты өзгөрүлгөн учурда, алдын ала макулучукту алгандан кийин гана жеке маалымат ишке киргизилет.
    - Чет өлкө жаранын жалдоону уюуштуруучу кызмат (чет өлкө жараны болгон жумушчуну тандап алууну уюштуруу, заказ берүүчүлөргө жумушчуларды сунуш кылуу ж.б.).
    - Чет өлкөлүк мигранттарды кызматка алуучу борбор боюнча жараандардын нааразычылын чечүү.

2 Статья (Жеке маалыматты иштетүү, сактоо мөөнөтү, иштетилүүчү маалыматтар)

  • Чет өлкө жаранын жалдоону уюуштуруучу кызматы чогулткан жеке маалыматы сактоо максатынан башка максатта колдонбойт, иштетилүүчү маалыматтар төмөнкүдө көрсөтүлгөн.
  • ※Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюуштуруу интернет баракчасы кызматты көрсөтүү үчүн, «Чет өлкөлүк жаранды жалдоо жөнүндөгү мыйзамды» ишке киргизүү буйругунун 31 статьясынын 2 (идентификациялык маалыматты иштетүү жөнүндөгү макулдук) пунктун негизинде мүчөнү кабыл алгандан кийин, жаранды идентификациялоо маалыматтын (чет өлкө жаранынын регистрация номери) чогултуп иштетүүгө укуктуу.

Иштетүү максаты Иштетүү маалымат (пунктар) Сактоо мөөнөтү
Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюуштуруу интернет баракчасына мүчө болуп кирүү Юридикалык мүчө/ Жеке мүчө (керектүү)

1. Аты-жөнү 2.e-mail 3. Мүчөнү классификациалоо 4.Пароль 5. Парольго тийешелүү суроо•жооп

※14 жаштан ылдыйкы балдарга тийешелүү жеке маалымат: Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюуштуруу кызматы 14 жаштан ылдыйкы балдарга тийешелүү маалыматты чогултпайт жана жумуш максатында колдонбойт.

Чет өлкө жараны болгон жумушчу мүчө болуп кошулган учурда

(Керектүү маалымат) 1.Аты-жөнү 2.e-mail 3.Пароль 4.Парольго тийешелүү суроо•жооп
2 жыл/ мүчөлүктөн чыкканга чейин (2 жыл сайын дагы макулдугун билдирүү)
Жеке маалыматты камтыган файлды колдонуу максаты Аты-жөнү, катташуу маалыматтары, жарандын регистрация номери, жазып алынган маалымат 5 жыл

3-статья (Жеке маалыматты автоматтык түрдө чогулткан аппаратты орноштуруу, эксплуатациялоо жана макулчулуктан баш тартуу жөнүндөгү пунктар)


Чогулуучу маалымат Колдонуу максаты
Yй баракчасына киргенде талап кылынган интернет сайттын адреси Статистикалык маалыматты анализдөө жана колдонуучу менен интернет сайттын ортосунда тоскоолдуксуз байланыш түзүү
Колдонуучунун IP адреси, браузер талап кылган версияларынын түрлөру жана протоколдун версиясы
Кирүү күнү
Cookie маалымат Мекеменин интернет сайтынын ишин жүргүзүүдө, колдонуп жаткан сервер колдонуучунун браузерине жиберген кичине көлөмүндөгү маалымат. Колдонуучу интернет сайтка кирген учурда мекеменин компьютери колдонуучуга cookie түрүндөгү маалыматты окуу максатында жөнөтүү менен бирге тоскоолдугу жок кызматты көрсөтөт.
  • ※ Интернет браузердин үстүндө жайгашкан меню параметрлери >Интернет опция> жеке маалымат опциясы аркылуу, cookie файлдарды сактоодон баш тартсаныз болот. Эгерде баш тарткан болсоӊуз, чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюуштуруу интернет баракчасында көрсөтүлгөн кызматтын кандай бир бөлүгүн колдонууга чектөө салынышы мүмкүн.

4-статья (Жеке маалыматты камтыган файл)


Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюуштуруу кызматын көрсөтүү үчүн тийешелүү чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюуштуруу интернет баракчасы аркылуу жеке маалыматты иштетилет, иштетилген жеке маалыматты камтыган файлдын аты төмөнкүдө көрсөтүлгөн.


Жеке маалыматты камтыган файлдын аты
Чет өлкө жаранын жалдоо жөнүндөгү уруксат баракчасы Чет өлкөлүк жумушчу жумуш издөө арызы жөнүндөгү маалымат
Чет өлкөлүк жумушчу жөнүндөгү негизги маалымат Чет өлкөлүк жумушчу жөнүндөгү жалпы маалымат
Чет өлкөлүк жарандын окутуу жөнүндөгү маалымат Приоритети бар чет өлкөлүк жаран (H-2 визасы, корей улутундагы инсан) жөнүндөгү жумуш окуу маалыматы.
Корей тили жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү экзамендин аныктымысы

※ Мамлекетти башкаруу жана ички иштер министрлигинин жалпы жардам көрсөтүү интернет сайтынын порталында, жеке маалыматты камтыган файлдагы анык жана толук маалымат коомчулукка ачылат. (www.privacy.go.kr) →Жеке маалымат берүү суроо талапты жөнөтүү→ жеке маалыматты камтыган файл менюсунан керектүү маалыматты издөө.

5 статья (Жеке маалыматты үчүнчү жакка берүү)

  • <Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу системасынын интернет кызматы> колдонуучуга тийешелүү жеке маалыматты, 1-статьяда (Жеке маалыматты иштетүү максаты) көрсөтүлгөн чектин ичинде иштетүүсү кажет. Колдонуучудан алдын ала макулдугун албай туруп, өзүнүн укугунун чегинен ашып кетип, жеке маалыматты иштетүүгө же үчүнчү жакка берүүгө укугу жок. Бирок төмөнкү учурларда жеке маалыматты иштетүү укугу бар.
  • Жеке маалыматтын ээсинен өзүнчө макулдукту алган учурда (Колдонуучу алдын ала жеке маалыматты үчүнчү жакка берүү жана ачуу жөнүндө макулдугун билдирген учурда)
  • Башка мыйзамдарда айрыкча эреже тартиби жок учурда
  • Жеке маалыматтын ээси жана анын мыйзамдуу өкүлү оюн билдире тура албаган акыбалда болуп турган учурда, же адреси белгисиз учурда, ж.б. себептердин кесепетинен алдын ала макулдукту алууга мүмкүнчүлүк жок учурда, жеке маалыматтын ээсине жана үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө шашылыш түрдө пайда болот деп эсептелген учурда.
  • Статистиканы жүргүзүү жана илимий изилдөө максаты үчүн жеке маалымат берген учурда, инсанга тийешелүү айрыкча маалыматы жок түрүндө берилет.
  • Жеке маалыматты колдонуу максатына ылайык эмес башка максаттар үчүн колдонгон учурда, же жеке маалыматты үчүнчү жакка бербегендиктен башка мыйзамда аныкталган тийешелүү милдеттерди аткара албай калган учурда, бул иш окуя Коргоо комиссиясыннын текшерүү жана корутунду чыгаруу процессин өткөн учурда.
  • Келишим жана андан башка эл аралык конвенциялардын талаптарын ишке ашыруу үчүн чет өлкө жана эл аралык органдарга маалымат берүү зарыл болгон учурда.
  • Кылмышты тергөө максатында жана соттун териштирүүсүнөө берүү максатында маалыматты берүү жана сактоо зарыл болгон учурда.
  • Сот териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн маалымат керек болгон учурда.
  • Жазалоо жана күзөт, коргоону иш жүзүнө аткаруу үчүн жеке маалымат зарыл болгон учурда.
  • ※Биздин компаниянын кызматчылары жеке маалыматты колдонуу жана берүү иш милдеттерин аткаргандыктан, жеке маалыматты мыйзамды бузуп, адилетсиздик колдонууга жол бербегенге аракет кылабыз
  • <Чет өлкөнун жаранын жалдоону уюштуруучу системасынын интернет кызматы> жеке маалыматты колдонууга, же алгысы келген мекемелерге, жеке маалымат колдонуу максат, колдонуу ыкма, сактоо мөөнөтү, колдонуу түрүн чектөө жана жеке маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айкын чараларды даярдоону иш-казаз түрүндө талап кылып, колдонууга берүү максатына жараша жеке маалыматтын минималдуу көлөмүн берет
  • Жеке маалыматты камтыган материалдарды алган инсан, колдонуу максат, берилген маалымат, мыйзамга жарашкан далилдери төмөнкүдө көрсөтүлгөн.
  • Жүктөө

6-статья (Жеке маалыматты иштетүүнү башкага тапшыруу

  • <Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу системасынын интернет кызматы> кызматты жакшыртуу үчүн төмөндөгүдө көрсөтүлгөндөй жеке маалымат иштетүүнү, башкага тапрышы мүмкүн, тийешелүү мыйзамга жараша тапшырыш келишим түзгөн учурда, жеке маалыматты коопсуздуу башкаруу үчүн керектүү пункттар аныкталаган.

Ишенимдүү инсан Тапшыруунун максаты Катташуу маалыматтары
АО «GEISTKOREA» Чет өлкө жаранын жалдоо системасын иштеп чыгаруу, кармап туруу иш чаралары 02-833-1650
S&P soft Чет өлкө жаранын жалдоо статистикасын иштеп чыгаруу жана кармап туруу иш чаралары 02-3432-0992
АО «UNIES» Клиенттерге консультация берүү, адилетсиздик колдонууга жол бербөө, алыстадан жардам көрсөтүү кызматы 1566-9797

7-статья (Жеке маалымат ээсинин укугу, милдети жана аны иш жүзүндө колдонуу ыкмалары)

  • A. Жеке маалымат ээси (Жашы 14 жаштан ылдый болгон учурда анын мыйзамдуу өкүлү “Маалымат ээси» деп аталат) кайсы убакта болбосун төмөнкүдө көрсөтүлгөн укуктарын колдоно алат.
    • 1) Жеке маалыматты окууну талап кылуу
    • 2) Жеке маалыматта жаӊылыштык ж.б. катачылыктар бар болгон учурда оӊдоону талап кылуу
    • 3) Чийип салууну (жок кылууну) талап кылуу
    • 4) Иштетүүнү токтотушту талап кылуу
  • B. А пунктунда көрсөтүлгөн укукту иш жүзүндө колдонуу үчүн «Жеке маалымат коргоо жөнүндөгү мыйзамынын» ишке ашыруу тиркемесин 8 статьясына жараша талапты жазуу түрүндө, электрондук почта, факс аркылуу жөнөтсөӊүз мүмкүн, биз мындай талапты алган учурда ошол замат тийешелүү иш чараларды жасайбыз.
  • C. Жеке маалыматтын ээси жеке маалыматта болгон катачылыкты оӊдоону же чийип салууну (жок кылууну) талап кылган учурда, жеке маалымат оӊдолгонго чейин жана чийилип калганга (жок кылынганга) чейин тийешелүү маалымат колдонулбайт жана берилбейт.
  • D. Жеке маалымат ээсинин мыйзамдуу өкүлү, же ишеним каты бар башка ишенимдүү инсан аркылуу «А» пунктунда көрсөтүлгөн укукту иш жүзүндө колдоно алат. Мындай учурда «Жеке маалымат коргоо жөнүндөгү мыйзамынын» ишке ашыруу тиркемесинин 11 статьясына жараша ишеним катын көрсөтүшү зарыл.
  • E. «Жеке маалымат коргоо мыйзамынын» 35 статья 5 пункт, 37 статья 2 пунктуна жараша Жеке маалыматты окуу жана иштетүүнү токтотуу талабына чектөө коюлушу мүмкүн.
  • F. Жеке маалыматты оӊдоо жана чийип салуу талабы, башка мыйзамда ал жеке маалыматты чогултуу керектүү деп аныкталган учурда, маалыматты жок кылууну талап кыла турган укугу жок.
  • G. Жеке маалыматтын ээсинин укугуна жараша маалыматты окуу талабын, оӊдоо, иштетүүнү токтотуу талабын ж.б. талаптарды койгон инсан, өзүнүн идентификациясын аныктап берүүсү зарыл, эгерде маалымат ээсинин өкүлү болгон учурда, мыйзамдуу өкүл экенин тастыктоошу зарыл.
    • ※[«Жеке маалымат коргоо мыйзамын» ишке ашыруу жөнүндөгү 8 тиркеме] Жеке маалыматка тийешелүү (окуу, оӊдоо, жок кылуу, иштетүүнү токтотуу) талаптар.
    • ※[Жеке маалымат коргоо мыйзамын» ишке ашыруу жөнүндөгү 11 тиркеме] Ишеним кат
  • H. Жеке маалыматты окуу, оӊдоо, жок кылуу, иштетүү токтотуу жөнүндөгү талаптарды кабыл алуу бөлүмү жана жоопту кызматкерлери төмөндө көрсөтүлгөн.
    • - Бөлүм: Маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу тобу.
    • - Жоопту кызматкер: Топтун башчысы Янг Хи Джонг

8-статья (Жеке маалыматты бузуу)

  • < Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу системасынын интернет кызматы> жеке маалымат иштетүү максатын ишке ашырган учурда, кийинкиге калтырбай ошол жеке маалыматты жок кылат (бузат). Бирок башка мыйзамга жараша жеке маалыматты сактоо кажети бар болгон учурда, маалыматты жок кылбай сактайт. Жеке маалыматты жок кылуу эрежеси, мөөнөтү жана ыкмасы төмөндө көрсөтүлгөн.
  • A. Жок кылуу эрежеси: Колдонуучу тиркеген маалымат максатын жеткен соӊ, ички саясат жана тиейшелүү мыйзамга жараша белгиленген мөөнөт ичинде сакталгандан кийин дароо жок кылынат.
  • B. Жок кылуу мөөнөтү: Колдонуучуга тийешелүү жеке маалыматты сактоо мөөнөтү өткөн учурда, сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин 5 күн ичинде, жеке маалыматты иштетүү максатын жеткен учурда ж.б.себептерге жараша маалымат керексиз болуп калган учурда, маалымат керексиз деген корутунду чыккан соӊ, 5 күн ичинде ал жеке маалымат жок кылынат.
  • C. Жок кылуу ыкмасы
    • - Маалымат электрондук түрүндө болгон учурда: кайра калыбынына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок ыкмасы аркылуу, түбөлүк жок кылынат.
    • - Электрондуу түрдө эмес жазуу, басып чыгарылган түрүндө, колго жазылган түрдө ж. б. түрдөгү маалыматты алып жүрүүчү (носитель информации) болгон учурда: майдаланат жана өрттөлөт.

9-статья (Жеке маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары)

  • < Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу системасынын интернет кызматы> 「Жеке маалыматты коргоо мыйзамынын」 29 статьясына жараша коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон техникалык чаралар, текшерүү иш чараларды жана физикалык иш чараларды ишке ашырууда.
  • A. Ички контроль планын иштеп чыгуу жана иш жүзүндө аткаруу: Жеке маалыматты сыртка чыгып кетүүсүнө, жоголушуна, уурдалышына, бурмалоосуна (фальсификацияланышына), өзгөрүлүшүнө жол бербөө үчүн, «Жеке маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чаралар жөнүндөгү нормалар»га (Мамлекеттик башкаруу министерствосунун жарыясы №2016-35статья) жараша, ички контроль планын иштеп чыгаруу, жана иш жүзүндө аткаруу иш аракеттери жасалууда.
  • B. Кирүүгө мүмкүндүк укугу: Жеке маалымат иштетүү системасына кирүү укугу, жумуш милдетин аткарууга керек болгон минималдуу көлөмүн көрүү укугу жоопту кызматкерге берилет. Жеке маалыматты көрүү укугу кызмат ордуна жараша берилет. Эгерде жеке маалыматты колдоно алуу укугу бар жоопту кызматкер алмашылган учурда, ошол замат жеке маалымат иштетүү системасына тийешелүү өзгөрүүлөр киргизилип, мурунку укугу бар инсанга караштуу маалымат жок кылынат. Андан сырткары коопсуздукту камсыз кылган парольду, банк счетун, бир нече жолу туура эмес басып алган учурда, жеке маалымат иштетүү системасына кирүү чектелип калат. Коопсуздуу парольду коюу үчүн жазуу тартибин (нормасын) негиздеп, аны ишке ашырып, эсепке алуу жазуусун (учетная запись) жана паролун белгиленген жолу туура эмес катталган учурда жеке маалыматты иштетүү системасы кирүүгө чек салынат ж.б. керектүү техникалык чаралары аткарылууда.
  • C. Кирүү мүмкүндүгүн контрольдоо: Телекоммуникациялык желе аркылуу мыйзамсыз кирүүнү, бузуу кырсыгынан алдын ала сактап калуу үчүн IP ге кирүү бекитилип (тосмолоп) салынган чарадар, интернет колдонууну чектөө, жылына бир жолу же андан көп ирет туруксуз точкаларын табуу жана тийешелүү иш чаралары, системага кирүүнү контрольдоо максатында ж.б. иш чаралар жасалууда.
  • D. Жеке маалыматты шифрлөө: Маалымат жана коммуникация желеси аркылуу же маалыматты алып ташуучу аркылуу (вспомогательный носитель данных) жөнөтүлгөн идентификациялоого тийешелүү маалымат, пароль, биомаалыматы коопсуз алгоритм аркылуу шифленет.
  • E. Кирүү каттооону сактоо жана текшерүү: Чет өлкө жаранын жалдоону уюштуруучу кызматы жеке маалымат иштетүү системасына кирген катоону 6 ай же андан өйдө мөөнөт сактайт. Сактоо мөөнөтүндө жеке маалымат жоголуп, уурдалып, чыгып кетишин, бурмаланып калышын, өзгөрүлүүсүнө жана бузулушуна каршы иш чараларын көрүү максатында, жарым жылда бир жолу же андан көп ирет кирүү каттосу текшерилип турат.
  • F. Зыян келтирүүчү программалардан ж.б. зыяндан коргонуу: Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу кызматы зыян келтирүүчү программаларын алдын алуу жана жокко чыгаруучу коопсуз программаны компьтерлерге орнотуп, колдонуп келет.
  • G. Tindakan keamanan untuk perangkat manajemen: Layanan Manajemen Pekerjaan Asing menjalankan tindakan keamanan seperti pencegahan penggunaan perangkat yang tidak resmi, larangan penggunaan selain dari tujuan awal, dan pemasangan program keamanan seperti vaksin pada perangkat manajemen untuk mencegah kebocoran informasi pribadi dan insiden lainnya.
  • H. Физикалык түрдө коопсузду камсыздоо иш чараларын көрүү: Чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу кызматы жеке маалыматты иштетүүчү системанын физикалык коопсуздугун, компьютерлерди башкаруу бөлмөсүнөн башкарат. Жеке маалыматты камтыган иш-кагаздар, маалыматты алып ташуучу буюмдар ж.б. материалдар кулпу менен бекитилүүчү коопсуздуу орунда сакталат.
  • I. Табигый кырсык пайда болгон учурларда коопсуздукту камсыздоо иш чаралары: Табигый кырсыгы пайда болгон учурда, чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу кызматына таандык, жеке маалыматты иштетүү системасын кайра калыбына келтирүү жана резервдик көчүрмөлөө орто борборун орнотуп, аны башкарып келет. Өрт, сел ж.б. табигый кырсыктар пайда болгон учурда, жеке маалыматты иштетүү системасын коргоо максатында, кризис абалындагы иш чаралар жөнүндөгү колдонмо ж.б. иш чара жүргүзүү тартибин даярдалып, аны дайыма белгилүү бир убакта текшерүү иштери жүргүзүлүп келе жатат.
  • J. Жеке маалыматты жок кылуу: чет өлкөлүк жаранды жалдоону уюштуруучу кызматы жеке маалыматты жок кыла турган учурда, төмөндө көрсөтүлгөн иш чараларды жүргүзөт.
    • 1) Толугу менен жок кылуу (өртөө, майдалоо ж.б.)
    • 2) Атайын механизмди колдонуу аркылуу жок кылуу
    • 3) Маалыматты кайра калыбына келтирүүгө жол бербеш үчүн инициализация жана кайра үстүнө жазуу иш чаралары өткөрүлөт. Жеке маалыматтын бир бөлүгүн гана жок кылуу керек болгон учурда жана 1-пункта көрсөтүлгөн ыктымал аркылуу жок кылууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, төмөндөгүдө көрсөтүлгөн иш аракеттер жасалат.
      • (1) Untuk jenis file elektronik: Mengelola dan mengawasi informasi pribadi agar tidak dipulihkan dan diputarkan setelah penghapusan informasi pribadi.
      • (2) Untuk rekaman, cetakan, tertulis atau media rekaman lainnya:Hapus bagian yang termasuk dengan masking(ditutup), perforasi dll

10-статья (Жеке маалыматты коргоо боюнча жоопкер кызматчы)

  • <Чет өлкөлүк жаранды жалдоо башкаруу системасынын интернет кызматы> жеке маалыматты коргоп, жеке маалыматка тиейшелүү нааразычылыкты чечүү максатында, төмөндөгүдө көрсөтүлгөн жеке маалыматтын коопсуздугун камсыздаган жоопкер кызматкерди жана консультантты дайындайт (Жеке маалымат коргоо мыйзамынын 31 статья 1 пунктунда көрсөтүлгөн жеке маалымат коргоону камсыз кылган жоопкерчиликтүү кызматкер».

Классификация Бөлүмдүн аталышы Аты-жөнү Катташуу маалыматтары Электрондук почта
Жеке маалыматты коргоо боюнча жоопкер кызматчы Маалымат башкаруу борбору Им Чонг Хун 1577-7114 ijhun9719@keis.or.kr
Жеке маалыматтын тармактарын башкаруу жоопкер кызматчысы Чет элдик жумушчу тобу Ли Джонг Сон 1577-7114 sun777@keis.or.kr
Жеке маалымат коргоонун башкы жоопкери Маалыматтын коопсуздугун камсыздагаан тобу Янг Хи Джонг 1577-7114 ehdnal@keis.or.kr
  • Мыйзамдын негизинде чогултулган жеке маалымат, чогултуунун максаты жана иштетүүнүн максатына жараша колдонулушу дайыма көзөмөлдөлөнүп жана текшерилип турат.

11-статья (Укук бузуу учурунда көрсөтүлүүчү жардам)

  • Жеке маалыматка кол салуу болгон учурда, маалымат ээси жардам алуу максатында «Жеке маалыматка караштуу талаш тартышты чечүү комитетине», «Кореянын маалымат жана интернет коопсуздугун камсыздоо борбору» ж.б. мекемелерден талаш тартышты чечип берүүнү, же консультация берүүнү өтүнө алат. Төмөндө көрсөтүлгөн мекемелерге жеке маалымат бузуу жөнүндөгү арызды берүүнү жана консультация алууну өтүнөбүз.
  • Жеке маалыматка караштуу талаш тартышты чечүү комитети : 1833-6972 (https://www.kopico.go.kr)
  • Жеке маалыматты бузуу жөнүндө арыз берүү борбору : (Өлкө коду жок) 118 (http://privacy.kisa.or.kr)
  • Мамлекеттик башкы прокуратура, кибер кылмыш тергөө бөлүмү : (Өлкө коду жок) 1301 (http://www.spo.go.kr)
  • Мамлекеттин кибер коопсуздугун камсыздандыруу бюросу : (Өлкө коду жок) 182 (http://cyberbureau.police.go.kr)

Статья 12 (Жеке маалымат иштетүү саясатына өзгөртүү киргизүү)

  • Ушул жеке маалыматты иштетүү саясаты ишке киргизилген күндөн баштап колдонулат, мыйзам жана саясаттын багытына жараша жеке маалыматты иштетүү саясатына өзгөрүүлөрдү киргизиш керек болгон, жок кылуу жана оӊдоо керек болгон учурда, киргизиле турган өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалымат 7 кун эрте жарыяланат.
    • Жеке маалымат иштетүү саясатынын сериясы :
    • Ишке киргизилген күнү : 2018. 6. 25

Version number of privacy policy